Жайыл районунда мас абалдагы жарандардын урушунан улам 1 адам бычактан жаракат алып, экинчиси катуу сабалып ооруканага түштү

Жайыл районунда мас абалдагы жарандардын урушунан улам 1 адам бычактан жаракат алып, экинчиси катуу сабалып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 13:30 чамасында Жайыл районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө катуу сабалган 47 жаштагы О.Ю. аттуу жаран келип түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун 35 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалган. Ал жабырлануучу экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, кийин пикир келишпестиктен улам аны сабап койгонун билдирген. Бул факт боюнча “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле ооруканага бычактан жаракат алган Калинин айылынын 49 жаштагы Л.А. аттуу тургуну келип түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 31 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалган. Иликтөөнүн алкагында мас абалдагы эки адамдын урушу биринчиси экинчисин бир нече жолу бычактаганы менен аяктаганы аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abusait
2016-04-22 18:03:54
Ушу арак деген немени жок эле кылып салыш керек болуп калды. Качан карасан ичип алып олтурду сабады уурдады зордоду ж.б.у.с
+2
jakilik
2016-04-22 19:14:53
abusait,
Кантип жок кыласын???
0
abusait
2016-04-22 19:45:00
jakilik,москвада тыйып эле койдуго . мыйзам катуу иштеп контроль болсо тыйылатда.
-1
jakilik
2016-04-22 21:48:09
abusait,
Ал Москвада!!! Жана да ал жактан
деле алсан болот 20 00 кийин.
-1
Medina87
2016-04-22 21:35:50
Арактын арты жакшылыкка алып барбасын билсе да ичип, аягы окунучтучтуу аяктаган окуяларды окуп Ммм деп гана калдым...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан