Ошто "кызганычтан улам сүйлөшкөн кызын бычактаган" деп шектелген жаран алгач өз өмүрүн кыюуну пландап, кийин кызды жана анын жаңы жигитин өлтүргөнгө аракеттенгени аныкталды

Ош шаарында "кызганычтан улам сүйлөшкөн кызын бычактаган" деген шек менен кармалган жаран алгач өз өмүрүн кыюуну пландап, кийин кызды жана анын жаңы жигитин өлтүргөнгө аракеттенгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 19-апрелде саат 13:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу багында жигити менен сейилдеп жүргөн Чоң-Алай районунун 24 жаштагы К.П. аттуу тургунун белгисиз адам бычактап кеткен. Кыздын жанындагы мырзаны да бычак менен коркутуп, ал окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Кийин кылмышка шектүү жабырлануучунун 29 жаштагы С.Ж. аттуу жигити экени аныкталган. Ал милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө жабырлануучу менен 4-5 айдан бери сүйлөшүп, ага үйлөнүүгө ниеттенип жаткандыгын, мындай кадамга барганына сүйлөшкөн кызынын башка менен жүргөнү себеп болгонун билдирди.

Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү, жабырлануучу жана аны менен бирге сейилдеп жүргөн жигит бир батирде жашап жүрүшкөнү да аныкталган. Кызды бычактаган жаран чогуу жашаган кошунасы Саматка "кызга жакындаба" деп 5 жолу эскертүү бергенин кошумчалады. Окуя болгон күнү кылмышка шектүү жабырлануучу жана анын кошунасы Самат сейил бакта отурганын көрүп, алгач өзү муунуп өлүүгө аракеттенип, бирок ылайыктуу жер таппай, кийин алардан өч алуу үчүн аларды өлтүрүүнү көздөгөнүн билдирди.

Учурда кылмышка шектүү 2 айга камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу кыз оор абалда ооруканада экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tashi62
2016-04-22 17:24:00
Акырын жакшы түшүнбөдүм.
-6
Rifle_3
2016-04-22 22:01:03
tashi62,elchi84
кыргызча жазылып турат го ?
+4
dasta
2016-04-22 17:37:30
Мурункуларын окусанар тушуносунор
0
aiko15
2016-04-22 18:04:20
тушунбодум мен дагы
-5
take220281
2016-04-22 18:16:11
Тушунуктуу эле жазылып турат, макаланын башын окуп алып эле коммент жазбасанар акылдуусунуп. Аягына чыксанар баары тушунуктуу.
+9
abusait
2016-04-22 18:20:49
Суйуу уч бурчтугу болуптурда кыскасы...
+6
Futuro
2016-04-22 18:25:03
Түшүнбөгөндөр интонация менен окугула!!!
+6
nargis
2016-04-22 19:07:49
Оорусу жок бекен
-2
Rifle_3
2016-04-22 22:01:48
nargis, намысы бар экен, бирок туура колдоно албай калыптыр.
0
chon-alai90
2016-04-22 20:14:49
Жердешиме жаман болуптурда айыгып кеттсиндер
-4
nuriyaeljan
2016-04-22 22:00:30
Бычактаган баланын акыл эси соо эмес экен значить
+1
Anara8668
2016-04-22 22:51:55
Ото жаштык кылган .кыз аман калсын эми кечиримдуу болор
0
argen.kg4
2016-04-23 02:30:11
29га чыкса ото жаш деле эмес,бардык нерсени акылга салып анан аткаруу керек.Оз аялын бироо менен кармап алып бычактаса кичине окшошот эле ,ал Эми никеси жок бироонун кызын бычактоо акмактык.
+3
adyl.por
2016-04-23 11:21:41
кыздарга ынсап берсин
+1
gulbadam91
2016-04-23 18:23:35
Жоомарт менин жердешим болот.чын айтсам биз да шокбуз,кызга ынсап берсин,айыгып кет,тарбиясы жакшы болсо мынтип жаш жигиттин келечеги бузулмак эмес,кунаажын козун сузбосо бука жибин узмок беле. ..
-3
zhumagul89
2016-04-23 23:52:45
Учоонун кимиси куноолу экенин бир гана кудай билет. Бирок бычактаганына эмне айтышымды да билбей калдым.
0
Aytur
2016-04-24 20:47:13
Ар кимдин оз чындыгы бар бирок кыз бироосун жыйыштырып салып анан экинчиси менен суйлошсо болмок экен.
Балким кыз каршы болсода жигит артынан жургон чыгвр же кыз конул кош мамиле кылып экоо мн тен суйлошуп журоо берди, айтоор кудай баарын кечирсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан