Жыл башынан бери жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү 28 факт катталган

2016-жылдын алгачкы 3 ай аралыгында өлкө аймагында жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 28 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын алгачкы 3 ай аралыгында жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү 39 факт катталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында 28 факт катталып, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга азайган.

Айта кетсек, буга чейин Ички иштер министрлигинин өкүлү 2015-жылы балдарга карата зомбулук көрсөтүү кылмыштарынын саны 10 пайызга жогорулаганын билдирген. Статистика боюнча 2011-жылы 83 факт, 2012-жылы 151 факт, 2013-жылы 138 факт, ал эми 2014-жылы 140 факт катталганы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nargis
2016-04-22 19:37:27
Азайганы ырас болсун балдардын коз жашын корбойлу ар бирибиздин келечегибиз балдар ишинер илгерилей берсин ИИМ.
+2
nargis
2016-04-22 19:42:05
Ылайым эле такыр жок болуп калсын эстуулор ээси жокторго жакшы чара коргуло эч качан кайталанбай турган кылып.
+3
Medina87
2016-04-22 20:49:39
Казахстандагыдай педофилдерди кастрациялоо мыйзамы бизде да кабыл алынышын Кудайдан эле тилейинчи....
+3
Rifle_3
2016-04-22 21:41:02
Medina87,
Мен дагы колдойм ушул законду. Ошондо чынында азайып калат эле. же жок болот эле.
+2
BekAmir
2016-04-22 21:45:41
Азайды деп суйунбой жок кылыш керек
+2
aiko15
2016-04-22 23:18:38
журогум эле ооруйт зордукталды наристе дегенде бут денем дуркуроп коркуп кетем жок кылыш керек же олтуруп эле салыш керек наристени аябаган акмактар жашоого татыксыз
+3
Rashinboy
2016-04-23 01:48:10
Кыйын болгон Бакыт Төрөбаев төшүн каккылап агитацияда сөз берди эле " Буюрса парламентке өтсөк педофилдерге өлүм жазасын кийиребиз "- деп бирок ал убадасын аткарайын дебейт го же унутуп калдыбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан