Бүгүн, 23-апрелде өлкөнүн аймагында 2 жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө саат 14:41де Тескей Ала-Тоо тоо кыркаларында болду. Очогунда күчү 4 баллга жетип, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Сай, Тогуз-Булак, Комсомол, Коңур-Өлөң, Бөкөнбаев айылдарында 3 баллга сезилди.
Экинчи жер титирөө саат 14:53тө кыргыз-өзбек чек арасында орун алды. Анын күчү очогунда 4,4 баллга жетти. Бул жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун Арал, Сузак, Базар-Коргон, Жар-Кыштак жана башка айылдарында, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Кара-Суу шаарларында сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жаракат алгандар жок.