Бишкек - Ош унаа жолунда кичи автобус менен жеңил автоунаа сүзүшүп, 1 адам каза таап, 13 адам жаракат алды (тизме)

Бишкек - Ош унаа жолунда Форд Транзит үлгүсүндөгү кичи автобус менен жеңил автоунаа сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-апрелде саат 05:30 чамасында Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында орун алды. Натыйжада жеңил автоунаанын ээси, 1987-жылы туулган Үсөнбай Ражапов каза тапты. Бул унаанын айдоочусу, 1989-жылы туулган Курмангазы Арзыматов жаракат алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди.

Кичи автобусту З.Имаров (1969-жылы туулган) башкарган. Анда жалпысынан 11 жүргүнчү болгон. Алар:

1. Мисирова Марзи (1962-жылы туулган);

2. Мизаяова Косият;

3. Кыпчакова Азиза (2000-жылы туулган);

4. Китаев Журобжан (1987-жылы туулган);

5. Изамидинов Фарух (1989-жылы туулган);

6. Саидов Исак (1973-жылы туулган);

7. Ризванов Махмарашид (1967-жылы туулган);

8. Имаров Самидин (1969-жылы туулган);

9. Жалилова Зарина (1994-жылы туулган);

10. Кыпчакова Савлат (1953-жылы туулган);

11. Жалалова Бахри (1971-жылы туулган).

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жүргүнчүлөрдү унаалардан чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bazana
2016-04-23 22:24:20
Кудай сактасын ар пендени ылайым
0
aidarych1
2016-04-23 22:28:25
Баары озбектер окшойтго
-5
rejepova
2016-04-24 03:19:36
озбекпи, башкабы тируу жандын баарыле кырсыктан оолак болсунчу ...
+6
saru
2016-04-24 12:35:30
Оштук озбектер го.Ошто деги Кыргыздар калдыбы?
0
bom.bon
2016-04-24 13:28:01
saru,ошко барып сурасаныз баары кыргызмын дейт.Кыргызстанда туулдубу демек кыргыз болуу шарт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан