Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жалпы дарыгерлик-практикалык борбор 3,5 миллион сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Райондук дарыгерлер борборунун дарылоо иштери боюнча убактылуу милдетин аткаруучу Байзылда Баймырзаев билдирди.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери үчүн ЮНИСЕФ долбоору каражат бөлгөн. Аталган ооруканада жогорку билимдүү дарыгерлер жетишсиз. “Биздин ооруканада бир топ убакыттан бери кардиолог, ЛОР, невропатолог, окулист, акушер, педиатр жетишпейт. Кардиолог менен невропатологдун кызматын терапевт аткарат. Ал эми хирургдар окулисттин кызматын аткарышат”,- деди Б.Баймырзаев.
Калктын саламаттыгын камсыздоо үчүн кадрдык жетишпестикти жоюу максатында атайын адистер даярдалып жаткандыгы маалым болду. Бул боюнча Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев: “Учурда ата-энелер менен келишим түзүп, 7 баланы жогорку окуу жайда окутуп жатабыз. Студенттердин каражатын райондун эсебинен төлөйбүз. Дагы беш жылдын ичинде балдарыбыз окууну бүтүп келишсе, бизде кадрдык жетишсиздик жоюлат”,- деп билдирди.