Өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жаран Талас аймагындагы чек арадан кармалды. 25-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 24-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү бекетинин аймагынан чек ара режимин бузган эки адам кармалган. Кармалгандардын бирине буга чейин өлкөдөн чыгууга бөгөт коюлган болсо, экинчи адам ага көмөк көрсөтүп, аны менен бирге чыгып жаткан. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жарандар УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.