Бишкекте телеканалдын операторун сүзүп кетип, анын өлүмүнө айыпталган жарандын иши сотко өттү

Бишкекте "НТСтин операторун сүзүп кеткен" деп шектелген жарандын иши соттук кароого өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, "2015-жылдын 29-декабрында НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбековду сүзгөн" деп айыпталган Ф.Фархат аттуу 22 жаштагы жарандын иши Бишкек шаардык сотунун кароосуна өттү.

Эскерте кетсек, 29-декабрь күнү саат 22:00 чамасында Кыргыз улуттук филармониясынын жанында Манас кең жолун бөлүүчү сызыкта туруп видеого тартып жаткан маалда аны каршы жолдо келе жаткан Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочу сүзүп кеткен. Оператор ошол жерден каза болуп калган. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кармалган жаранга карата кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bilbeim.dordoi
2016-04-25 10:42:54
Бул жерде кокустук болгон
-1
Kroxa
2016-04-25 10:57:23
Кокустук эмес го оператор болсо,Тиги лексус болсо???????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан