Баткен облусунда сел жүрүп, бир канча убакытка жол каттамы токтоп калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда кечээ, 24-апрель күнү Сумбула айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Азов аймагынан агып келген сел Исфана, Андарак, Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 18-22-чакырымындагы жолдогу унаа каттамы токтотулган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Окуя болгон аймакта сел токтогондон баштап ӨКМ тарабынан унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, түнкү саат 22:40 чамасында жолдор толугу менен ачылган.