Сенсация жаратып, чемпиондукка кадам таштаган "Лестердин" лидери Рияд Марез Англия Премьер-лигасында мыкты футболчу болуп табылды

Англия Премьер-лигасында лидерлик сапта келе жаткан "Лестер" футболдук клубунун жарым коргоочусу Рияд Марез "Англия Премьер-лигасынын мыкты футболчусу" болуп табылды. Сыйлык Профессионал футболчулар ассоциациясы тарабынан ыйгарылат.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, сыйлык ээси Англия Премьер-лигасында ойногон командалардын машыктыруучулары жана капитандарынын добуш берүүсүнүн негизинде аныкталат.

Р.Марез аталган сыйлыкты алган биринчи африкалык футболчу болду.

Ал эми аталган ассоциациянын версиясы боюнча “Мыкты жаш футболчу” наамы “Тоттенхэмдин” жарым коргоочусу Деле Аллиге ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы мелдеште 14-орунду ээлеген "Лестер" быйыл сенсация жаратып, чемпиондукка олуттуу кадам таштады. Учурда чемпиондук жарышта "Лестерге" лондондук "Тоттенхэм" атаандаштык көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatkg
2016-04-25 11:45:39
101% татыктуу.
+1
oroskulov1988
2016-04-25 15:41:16
"Лестер"
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан