2013-жылдын 3 айында Чүй облусунда жол кырсыгынан 62 адам каза болду

Былтыркы жылга салыштырмалуу 2013-жылдын алгачкы 3 айында Чүй облусунда жол кырсыгы 4,7 пайызга көп катталды. Бул маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, январь, февраль, март айларында облуста 267 жол кырсыгы катталып, 62 адам көз жумду. Өткөн жылы бул айларда 255 жол кырсыгы болуп, 42 адам каза болгон. Мындан сырткары, быйыл жаш балдардын жол кырсыгына кабылуусу боюнча 31 факты катталып, 7 бала көз жумду. Буга байланыштуу Чүй ОИИБинин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы аталган облустагы мектептерде окуучулар, мугалим жана ата-энелер үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан