Футбол боюнча ардагерлер арасында Өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

Өткөн аптада ардагерлер арасында футбол боюнча Өлкө чемпиондугу аяктаганын КРнын Футбол федерациясынын расмий сайты билдирет. Сезондун жүрүшүндө чемпиондук үчүн 13 команда ат салышып, баарынан көп упай (70) чогулткан "Абдыш-Ата" командасы жеңүүчү болуп чыкты. "Ала-Тоо" командасы 2-орунду камсыздаса (58), "Алга" үчүнчү болду (53). Ошондой эле төмөнкү номинациялар боюнча да сыйлык ээлери аныкталды. "Мыкты дарбазачы" – Сагынбек Акматов ("Ала-Тоо"), "Мыкты коргоочу" – Ташболот уулу Нурбек ("Ала-Тоо"), "Мыкты жарым коргоочу" – Владимир Михайлов ("Кумтөр"), "Мыкты чабуулчу" – Жеңиш Маматов ("Алга"), "Мыкты бомбардир" – Закир Пусурманов ("Абдыш-Ата", 39 гол), "Мыкты оюнчу" – Олег Гевленко ("Абдыш-Ата"), "Таза оюн үчүн" – Алмаз Абытов ("Алга") жана Махмуд Султанов ("Кумтөр").
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан