Ысык-Көлдө фермерлердин эл аралык фестивалы өтүп, ага Орусия менен Казакстандан өкүлдөр катышты

Ысык-Көл облусунда 300гө жакын фермер катышкан эл аралык көргөзмө-семинарга Орусия, Казакстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр келишти. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн семинардын максаты - айыл чарба жана мал чарба багытында экономикалык өсүштү, ошондой фермерлер арасында тажрыйба алмашууну камсыздоо. Иш-чаранын жүрүшүндө дыйкандар алынып келинген жаңы үлгүдөгү техникалар менен таанышышты. Мындан сырткары балык чарбасындагы эмгектер, балчылардын эмгегинен жаралган тоо балдары келген конокторго көрсөтүлдү.

"ЕАЭБге мүчөлүккө кирген Кыргыз Республикасы үчүн мындай эл аралык семинар чоң утуш алып келди",- дейт өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан