Бүгүн Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Реал" футболдук клубу конокто "Манчестер Ситиге" каршы турат (Анонс)

Бүгүн, 26-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында алгачкы беттеш орун алат. Манчестер шаарында мадриддик "Реал" клубу "Манчестер Сити" менен оюн өткөрөт.

Акыркы жылдары чейрек финалдан өтө албай келген англиялык клубдардын салтын бузуп, бул жолу "Манчестер Сити" жарым финалга жетти. Бул жетишкендикти клуб өз тарыхында алгачкы жолу багындырды.

"Манчестер Сити" (Англия) - "Реал" (Мадрид, Испания)

Стадион: Манчестер шаары, "Этихад" стадиону

Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)

Мануэль Пеллегрини, "Манчестер Ситинин" башкы машыктыруучусу:

"Биз мелдештин жарым финалына жеткенибизден рахат алышыбыз керек, себеби жыл сайын эле бул баскычка жете бербейбиз. Оюнчулар жарым финалда татыктуу оюн көрсөтүп, финалда ойноого ниеттенип жатышат. Биз атаандаштын жеңиш үчүн гана ойной турганын билебиз. "Манчестер Сити" финалга чыгуу үчүн, албетте, чабуулда мыкты ойноого тийиш".

Зинедин Зидан, "Реалдын" башкы машыктыруучусу:

"Менин командам учурда мыкты спорттук калыпта. Мыкты оюн көрсөтүп, гол киргизип, бирок өз дарбазабызга гол өткөрбөөгө аракет кылабыз. "Манчестер Сити" - мыкты командалардын бири, андыктан "Реал" топ атаандаштын карамагында болгондо мыкты коргонуп, топту алганда чабуулдарды уюштуруусу керек".

Роналдуну Манчестер шаарында күйөрмандар жылуу тосуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
alik00
2016-04-26 10:29:32
Реал утат буйурса
+2
B.city
2016-04-26 10:41:41
Barsaga da iigikllik ha ha ha ha
-12
Mirkgz-1990
2016-04-26 10:49:14
Ман сити утуп алып ит кылчы бир
-1
LEGENDA.
2016-04-26 11:33:28
Роналдо менен Бейл Ситиге гол согушту жакшы билет))

Алга Реал! Жок дегенде тең чыксаңар Бернабеуда наныңарды жегизбейсиңер деп ойлойм))
-2
fara2503
2016-04-26 12:04:23
Реал гоол откозбой гоол киргизиши керек. Ал эми уйдон утсак керек.
-3
MIRlan
2016-04-26 13:19:50
МСга ийгилик! 2:0 күтөм.
+1
tashi62
2016-04-26 13:36:25
Реал 2-1 МС .
-1
barsa30
2016-04-26 13:40:01
МС женишин каалайм анткени алар ЛЧ женише элек
+3
nurik77777
2016-04-26 14:38:47
Реал алга. 3:0 кутом
0
Timon
2016-04-26 17:37:16
ктрк спорт түз алып берет экен....ктрк спорттон көрүңүздөр....эки командагы тең ийгилик...бүгүн реалды алга сүрөп коштоп турам...Алга REAL MADRID..
0
Aduk_aksuu
2016-04-26 18:31:58
Ман сити алга
-2
arawan
2016-04-26 19:38:48
санарипке ото элек айылдык куйормандар учун ктрк же нтс сыяктуу каналдардан берип койсо жакшы болмок да
0
beku5761
2016-04-26 19:42:27
минус баскандар барсанын куйормандары ха ха ичинерди куйгузбогуло. реал алга!
+1
beku5761
2016-04-26 19:49:30
ман сити-реал мадрид 0-2
0
Diana92kg
2016-04-26 21:06:15
манчестер сити- реал мадрид, 3-1 кутом хехе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан