Нарында Чернобыль апаатынын 30 жылдыгына карата кырсыктын кесепеттерин жойгонго катышкандарга 58 миң сом тапшырылды

Бүгүн, 26-апрелде Нарын шаарында Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылууга 30 жыл толгонуна байланыштуу апааттын кесепеттерин жойгонго катышкандар менен облус башчы жолукту.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, облус башчы Аманбай Кайыпов алардын эрдигин жана кайратмандыгын белгилеп өттү. "Апаат болгон учурда Нарын жергесинен 140тан ашык уулдар аттанып, көбү кайтпай калды. Азыркы күндө облуста 76 ликвидацияга катышкан жаран калды. Радиоактивдүү нурдануунун кесепетинен ден соолуктарынан ажырап, жардамга муктаж. Биз аларга жана үй-бүлөлөрүнө колдон келген жардамдарыбызды аябайбыз", - деди облус башчы.

А.Кайыпов апааттын 30 жылдыгына карата Ардак грамота жана "Нарын-Чернобыль" коомдук уюмунун төрагасы Санатбек Мажикеев аркылуу Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жойгонго катышкан ардагерлерге 58 миң сом тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара Маданият үйүнүн кызматкерлеринин жана мектеп окуучуларынын концерттик номерлери менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sagunur2016
2016-04-26 16:59:15
россиялык жанылык каналдардан чернобыль АЭСин кайра калыпка келтирууго жалан славян эли:орус,украин,белорустар катышкан,эрдиги чон алардын деп кайталап белгилеп айтып жатышат,адаттагыдай эле кыргыздар же ХХХ жонундо таптакыр соз жок
+1
admin_portal
2016-04-26 17:58:56
sagunur2016, башкалардын улутун мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан