Казакстандын Атырау шаарындагы борбордук аянтка Казакстандын жеринин сатылышына каршы миңден ашуун адам митингге чыкты. Буга "Казак Республикасынын жерлери сатылып жатат" деген маалымат себеп болгон.
Казакстандык басылмалар кабарлагандай, митингчилер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң тарап кетишти. Чектен чыгып, полиция тарабынан кармалгандар болгон эмес.
Бул боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирүү таратты. Ал жердин сатылбаганын, эл аралык тажрыйбаларга таянып жерлердин көп жылдык ижарага берилгенин айтты. "Жер сатылып кетти" деген ойду карманып өлкөдө ызы-чуу чыгаргандар мыйзам чегинде жазаланышы керек", - деди Н.Назарбаев.
Белгилей кетсек, Казакстан Орусия менен түзүлгөн 25 жылдык келишимди 49 жылга, Бириккен Араб Эмираттары менен түзүлгөн келишимди 99 жылга узарткан.