Бишкекте жол кырсыгына учураган "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Лексустун айдоочулары жана 1 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жол-патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-апрелде саат 19:30 чамасында Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Лексус RX-300 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада ар түрдүү жаракаттарды алган эки айдоочу жана Лексустун 1 жүргүнчүсү ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочулар соо болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.