Бишкектеги үйлөрдүн биринен күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши 11-майга дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун канцеляриясынан билдиришти.
Кечээ, 27-апрелде Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук кароо болмок, бирок иш башка судьянын кароосуна өткөндүгүнө байланыштуу соттук кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы 18-августта кармалып, ал кылмышын моюнуна алып, күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин жиликтеп салганын билдирген. Айыпталуучу менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.