Борбор калаада катталган жол кырсыгында айдоочу оор жаракат алып, жүргүнчүсү каза тапты

Борбор калаада катталган жол кырсыгында айдоочу оор жаракат алып, жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-апрелде саат 16:45 чамасында Калыс-Ордо жаны конушундагы айланма жолдо оор жүк ташуучу Рэно фурасы менен ГАЗ 53 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ГАЗ 53 унаасынын жүргүнчүсү каза болуп, айдоочусу оор жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, ГАЗ 53 унаасында кысылып калган айдоочуну чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2016-04-28 11:53:06
Куда сактай коор..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан