1 ай аралыгында өлкө аймагында 17 миң жол кырсыгы катталып, 800 айдоочу мас абалда экени аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде маалымат жыйынында Жол-патрулдук милициясынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
"Патрулдук милиция учурда Күзөт кызматынын жана Жол-кайгуул кызматынын ишин аткарып жатат. Жарандардын милицияга болгон ишенимин актоого, жолдордогу тартипти жакшыртууга аракет кылууда. Бир ай убакыт аралыгында аталган кызмат 246 кылмыш ишинин бетин ачкан. Бишкекте 110, Чүй облусунда 28, Ысык-Көлдө 9 кылмыш ишинин бети ачылган. Жол эрежесин бузуу фактылары боюнча өлкө аймагында 1 ай ичинде 17 миң жол кырсыгы катталып, анын ичинен 800 айдоочу мас абалда экени аныкталган", - деди Саркулов.