Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу изделүүдө

Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болуп, окуя катталган жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жол-патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде саат 22:30 чамасында Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жолдон өтүп бараткан 1972-жылы туулган Талас облусунун тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу каза болгон. Учурда айдоочуну издөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул жол кырсыгы тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү номурларга кабарлап коюңуз: (0312) 53-01-81, (0312) 53-22-33 же (0705) 14-07-82.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
abusait
2016-04-28 13:26:07
Жердин жети тубунон болсо да таап келип , дарга асыш керек мындай айдоочуну..!!
+1
Janybaev98
2016-04-28 14:32:36
Салам супер инфо! 26апрель куну 22.40-45 чамасында Шопоков шаарында айдоочу 2жоо жургунчуну сузуп кетти эле. Экоонун тен абалы оор болчу отуп баратып коруп калдым эле. Ошол окуя боюнча маалымат берип коюнуздарчы. Ато ойлоп алып алида жаман болуп кетип жатам бири аял бири эркек киши болчу. Кокус аялы куйоосу болуп калса балдарынале убал болду...
+1
admin_media
2016-04-28 15:08:30
Janybaev98,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан