Өлкө аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктары өсүүдө, акыркы 3 ай аралыгында алардын саны 25 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде маалымат жыйынында Жол-патрулдук милициясынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
"Акыркы убакыт аралыгында өлкө аймагында уруксатсыз унаа башкарган өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары көп катталууда. Бүгүнкү күндө кырсыктардын алдын алуу боюнча бир катар аракеттер көрүлүп жатат. Шаар ичинде видеокамераларды орнотуу менен коопсуз шаарды камсыздай алабыз. Жакында шаар ичинде 500 даана видеокөзөмөл орнотулат. Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлерине катуу талаптарды коюп, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ак ниеттүүлүк менен кызмат кылуусун талап кылып жатабыз", - деди Ы.Саркулов