Сузакта көлөмү 2,5 миллион куб болгон жер көчкү жүрүп, бир унааны басып калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Үч-Чат жайлоосунда саат 11:00 чамасында жалпы көлөмү 2,5 миллион куб метрди түзгөн жер көчкү түшүп, 1 унааны басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер көчкүдөн жабыркагандар жок, учурда маалыматты тактоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кызыл-Туу айыл аймагында 1994-жылдан 2015-жылга чейин кооптуу аймакта жашап жаткан 76 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери тарабынан тийиштүү жумуштар жүрүүдө. Февраль, март жана апрель айларында аталган кооптуу аймактардан көчүп кетүү боюнча жергиликтүү бийликтерге 18 жолу атайын эскертмелер берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан