Борбордо мурда бир нече жолу соттолгон жаран "жеке ишкерлерден акча талап кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында милицияга Манас районундагы "Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинин аймагынан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча менен коркутуп, Талас облусунун тургунунан акча талап кылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, жеке ишкерлерден акча талап кылып жүргөн 1981-жылы туулган М.З. аттуу жаран экени аныкталган.
Бул факт боюнча "акча талап кылуу" жана "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иштери козголуп, М.З. аттуу жаранга издөө жарыяланган. Ысык-Ата жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.