Бишкек шаарында таанышынын акчасын уурдоого шектелген 19 жаштагы эки кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Т.Б. аттуу кыз кайрылган. Ал 23-апрель күнү "Ала-Тоо" аянтынан анын тааныш кыздары 420 доллар акчасын уурдап алышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы О.Н. жана М.Г. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.