Шопоков шаарында айдоочу жолдон өтүп бараткан киши менен аялды сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам экөө тең каза болуп калды

Чүй облусуна караштуу Шопоков шаарында айдоочу жолдон өтүп бараткан киши менен аялды сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам экөө тең каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү саат 22:34 чамасында Шопоков шаарында Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы Азат аттуу айдоочусу жолдон өтүп бараткан 36 жаштагы Нурлан Б. жана Ырысбүбү Б. аттуу жарандарды сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучулар окуя болгон жерден каза болуп калышкан.

Бул факт боюнча "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
jemile
2016-04-28 18:48:46
Ушул Шопоковдо өтө катуу айдашат, пешехотко карабайт, тура бересиң наркы бетке өтө албай..
+3
Medina87
2016-04-28 18:58:34
Кантесин ажалы жеткен экен дегин келет, бирок айдоочулар да абайлап айдашса кырсык азаят беле? Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун!
+4
Boldukan86
2016-04-28 19:45:02
Ойлосон ичин ачышат. Балдары калса керек артта. Айланайын айдоочулар жоо адамга да бир аз конул бурсанарчы. шуулдап эле кете бербей
+5
Kroxa
2016-04-28 21:28:19
Шопоков шаары кайда??
+1
salt56
2016-04-28 22:22:05
Kroxa, ))))))) Чуйдо кроха, Чуй облусунда
+1
dubai
2016-04-29 01:08:32
Kroxa,Сокулуктун бери жагы.
0
admin_portal
2016-05-03 12:29:08
Kroxa, саламатсызбы! Маалымат толукталды.
0
Janybaev98
2016-04-28 22:10:22
Оо кудай ушул адамдарды эстеген сайын журогум тыз дней тушот. Ошол куну сокулука кетип баратып жолдон коруп калдым эле. Аялдын абалы ото оор болчу байкуштун кийимдери айрылып калыптыр. Киши болсо белдери буралып денелеринин баары айрылыптыр кан болуп. Ээххх... Балдарынале жаман блоду. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Негедир ошол кун такыр эсимден кетпей койду.
+2
salt56
2016-04-28 22:32:12
Жаман болуптур... кочодо кенен кесир журо албай калган заман болдуго. кайсы жерден бычактап же сузуп кетет деп коркуп калдык.
+2
adilbars
2016-04-29 06:57:21
Мына жол кыймылын козомолдоону реформаладык дегенден кийинкисин эсептесек эле кырсык кобойду Бишкекте. Патрульная служба мастарды эле кармап атканы менен макталып атат. Эки жума ичинде эле борбор шаарда автоунаа сузуп олгондор коп болду го. Ким козомолдойт?
0
GORDIY.KG
2016-04-29 11:25:59
кудай озу сактасын. сактанганды сактайм дейт. Кыргызстан жол кырсыгы коп катталуучу олколор арасынане 2 -местаны алыптыр бул деген кун сайын адам омуру мененкоштошот деген Абайлагылачы айдоочулар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан