Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 28-апрелде Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди. Ага Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, С.Ибримовдун кызы Гүлмира Ибраимова, советтик партиялык жетекчи кызматта иштеген ардагерлер, тарыхчы-окумуштуулар, коомдук жана саясий ишмерлер, мекеме-уюмдун жетекчилери, жакындары жана студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында Султан Ибраимовдун айкелине гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Ал эми коомдук ишмердин ысымын алып жүргөн Кыргыз улуттук драма театрында 90 жылдыкка арналган көргөзмө уюштурулду. Андан соң театр залында замандаштары сөз сүйлөп, ишмердин жолу менен бара жаткан бир катар бийлик өкүлдөрү басып өткөн жолун айтып, эскеришти.

Бул иш-чара Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп, залкар инсанды эскерүүнүн бир жумалыгы старт алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sagy
2016-04-28 22:04:52
Ал ким, не кылган, жазып койбойсунарбы?
0
admin_portal
2016-05-03 12:29:51
Sagy, саламатсызбы!
http://www.super.kg/jylnaama/event/3783
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан