Чүй облусунда жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 20 үйдөн экстремисттик маанайдагы 5 миңден ашуун диск жана 2,5 миңдей китеп алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин 10-Башкармалыгынын өздүк курамы аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте кечээ, 28-апрелде Ысык-Ата жана Аламүдүн районунда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында 20 үй тинтүүгө алынып, экстремисттик маанайдагы материалдар алынды. Жыйынтыгында 2500 китеп, 600 китепче, 5300 диск, 4 ноутбук, 4 флешкарта жана бычак алынган. Тинтүү учурунда алынган 44 китеп теологиялык экспертизадан өтүп, алар экстремисттик идеологияны чагылдыргандыгы аныкталды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, калган материалдар да экспертизага жөнөтүлдү.