Ош облусунда чек араны бузган Польшанын 3 жараны кармалды

Ош облусундагы чек араны бузган Польшанын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасындагы "Бор-Дөбө унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен алыс эмес жерде режимдик объектилерди мыйзамсыз түрдө сүрөткө жана видеого тартып жаткан польшалык 3 жаран кармалган. Текшерүү иштеринин алкагында алардын биринин өздүгүн тастыктоочу документтери жок экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чет элдик жарандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina_08_80
2016-04-29 11:59:51
Жакшыраак акча берсе аны коюп жиберишет
0
Anarbek58
2016-04-29 16:29:07
Шпиондор. Алар АКШнын тынчылары болуу керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан