Түркиядагы жардырууну уюштурууга шектелген 12 адам кармалды

"Түркияда 27-апрель күнү катталган жардырууну уюштурган" деген шек менен 12 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Бурса шаарындагы Улуу Жами атындагы мечиттин жанында болгон жардыруунун кесепетинен 17 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Мечиттин жанына келген жан кечти аял өзүн жардырып жиберип, окуя болгон жерден каза тапкан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында жардырууну уюштурууга шектелген 12 адам кармалганы айтылууда. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылып жатат.

Эскерте кетсек, жан кечти аялдын жардыруусунан улам мечиттин айланасындагы 17 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Учурда жабырлануучулардын абалы туруктуу экени маалым.

Түркиянын Бурса шаарындагы жардыруу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos777
2016-04-29 10:53:23
турктордун адебин курддор берет....
0
Tatli_Melek
2016-04-30 09:05:57
Кудай өзүң сакта!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан