Түркияда сойкулук менен алектенген кыргыз өлкөсүнүн 11 жараны соттун чечимин күтүп, убактылуу кармоочу жайда кармалууда

Түркияда сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз өлкөсүнүн 11 жараны соттун чечимин күтүп убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Мугла провинциясынын Бодрум аймагында сойкулук менен алектенген кыргыз өлкөсүнүн жарандары учурда убактылуу кармоочу жайда кармалып, жакынкы убакыт аралыгында чыкчу соттун чечимин күтүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кыргыз жерине депортация болмокчу.

Түркиянын Алания шаарында сойкулук менен алектенген 39 жаштагы З.К., 29 жаштагы М.А. жана 32 жаштагы Е.М. аттуу кыргыз өлкөсүнүн жарандары да кармалган. Учурда бул факт боюнча Түркиядагы консулдук тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын Тышкы иштер министрлигинен кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bakytbek.Satibekov
2016-04-29 12:35:56
уят Кыргыз кыздарга башка кыздарды жаман корсотуп жатасынар
+3
AdiletJumabekov
2016-04-29 12:44:27
Мен да Бодрум шаарында 2 ай жумуш менен практикага иштеп келгем. Туркия мамлекетинде жургон кыргыз и казак кыздары кийингени турк кыздарынан башкача. алыстан козго коруно тургандай кыска койнок кийшет. бир жолу базарга барсам 2 кыз кетип баратыптыр бет кыргыз же казак кыздардай экен миниюбка менен басып баратышса базардагы турк эркектери козун албай караштыго чиркин. мен ал кыздарды тааныбасам алыстан кызгангандай болдум.
+2
kama_future_millioner
2016-04-29 12:56:53
Уят жазасын бериш керек камап
+2
Gamze90
2016-04-29 14:19:41
Туркиядагы кыздар бул жака келсе деле ошол ишин улантышат да. Жазалаш керек тигиттиш керек деген туура эмес калп эле ыймандуу боло келесинер. Ошол эркектер да кыздарды сойку кылган барбай койсонор эле алар не бири бирине сатмак беле ошонтип токтолот да. Болок жактагыларды коёп оз мекенинерде алдынарда талпак болгондордон баштасанар
0
Bahtigul1601
2016-04-29 15:12:07
Чет олкого барып иштеген кыздарга ишенбей калды.Алардын ичинде ак эмгеги мандай тери менен акча таап ата энесин же балдарын баккандар да коп да.Турциядан кармалган 13 тун 11ри кыргыз болгону абдан уят.
Кыргыздын намысына туздон туз
шек келтирип жаткандар. Жок дегенде жармы башка улут болсо эмне
0
Arslan12
2016-04-29 15:23:11
Мында ыплас иштергерге катуу чара корбосо болбой калды мамлекеттик денгээлде, булар араккеч, наркоман сыяктуу эле, психология жагынан оорулуу адамдар штраф салат кое беришет, штрафын 1саатта эле тогуп коюшат, конул бургула жогоруда отургандар, булардын алты саны аман, келбети татына, турмого отургузуп аябай иштетиш керек жок дегенде мамлекетке жардамы тийсин!
0
88inara88
2016-04-29 15:44:03
Булардын алты саны аманбы же ооруларды жуктуруп келип жатабы деген суроо жаралат экен,канчасы менен жатып вирус деген ушуларда.
0
bakytffl
2016-04-30 00:08:59
Муну алдын алыш үчүн ата-энелер турмушка чыга элек секелек кыздарын чет жакка чыгарбоосу зарыл. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү менен каалышынча чыга беришсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан