Таласта "өспүрүмдү муунтуп өлтүргөн" деген шек менен 28 жаштагы айылдашы кармалды

Талас облусунда "өспүрүмдү муунтуп өлтүргөн" деген шек менен 28 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Кара-Буура районундагы Чымкент айылындагы музейдин короосундагы эстеликтин артынан киши колдуу болгон өспүрүмдүн денеси табылган. Иликтөө иштеринин алкагында ал ошол эле айылдын 16 жаштагы А. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, өспүрүм муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары маркумдун 28 жаштагы У.А. аттуу айылдашы кармалган. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
konsilium
2016-04-29 11:57:01
Эмне эле жаш балдарды олтуруу,кордоо сыяктуу кылмыштар кобойуудо.
0
mirsapar
2016-04-29 12:01:22
жумушсуздуктун кобойушу,жаштар учун айылда шарт жоктугу чон себеб болуп жатат го
+1
nursultan67
2016-04-29 12:25:18
Кыяматын белгиси
0
MEDER_KULETOV
2016-04-29 13:04:20
Менин класташымдын бир тууган жээни болот эле эмне учун олтургону белгисиз бойдон калып жатат

жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан