Бишкекте жаңы курулуп жаткан имараттын каркасы кулап, эл жүрчү жол оюлуп кетти

Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан имараттын каркасы кулап түшүп, эл жүрчү жол оюлуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, курулуп жаткан имараттын каркасы тынбай жааган жамгырдын кесепетинен улам кулап кетти. Ошондой эле эл жүрчү жол да оюлуп калган. Окуя болгон жерге Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери барып, азыркы тапта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mirsapar
2016-04-29 14:37:20
оо эмне сапаттуу курулуш болгон эмес го
+4
mirlanpiter
2016-04-29 15:00:52
Жакшы эч ким жок экен айлансында,,халтурить эткендер кайрадан жакшылап жасашсын ишти
+2
Bahtigul1601
2016-04-29 15:01:44
Курулуш баштала электе кулаганы жакшы болду.Буткондо кулап кырсык болбой.427
+5
Gamze90
2016-04-29 15:04:39
Жамгырда эле ушундай куласа, жер титиресе калбай эле калат ко. Жеп жутарлар эодин эмес оз камын ойлоп шапкасын алып койгон да ее? Унчукпай бир колу менен алдын бироосу менен артын жаап олтургандыр
0
Nasi1981
2016-04-29 15:11:06
Курулуп баштала элек жатып куласа, маскарачылык коо?! Деги эле рекламаларын кучтуу берип, сыналгы бетинен тушпой жаткан азыркы жаны тушкон уйлорду козомолдогон орган барбы? Эки кундун биринде жер титиреп жаткан мындай заманда Кудай сактасын, ким кепилдик берет мындай башталбай жатып ураган уйлорго.
+4
briliant87
2016-04-29 15:48:00
Жакшы бироо жаримди басып калбаптыр.
0
Aikyn93
2016-04-29 19:59:58
каркасы эмес забору экен го
0
Moskva.kg
2016-04-29 22:44:57
Эмне жамгырды которо албай калыптырбы тынбай жааган жамгырды куноолоп коюшуптур да ал имаратты салгандардын кичинесинен чонуна чейин куноосу бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан