Бишкекте "чала таанышынын 10 миң долларын алып, кайтарбай жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте "чала таанышынын 10 миң долларын алып, кайтарбай жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 55 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 2015-жылдын май айында Н. аттуу чала таанышы ишенимине кирүү менен 10 миң долларын алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ош облусунун 43 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан