Бишкекте "банктардын биринен 40 миң доллар алып, 8 жылдан бери төлөбөй жүргөн" деген шек менен 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен борбордогу банктардын биринин Т.Т. аттуу башчысы кайрылган. Ал 2008-жылы Ч. аттуу аял алдоо жолу менен насыяга 40 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты алып, бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй жүргөнүн билдирген.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 51 жаштагы К.Ч. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү бир нече кылмышка шектелип, иликтөө иштери улантылууда.