Борбор калаада уурулук фактысына шектелген 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 1-апрель күнү саат 10:30 чамасында борбордогу окуу жайлардын биринен белгисиз адамдар Samsung Galaxy үлгүсүндөгү кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы С.А. аттуу кыз кармалган. Учурда иликтөө жүрүүдө.