Үч баласы менен аялын үйүнөн кууп чыккан жеке ишкер Сариевге кылмыш иши козголду

Жеке ишкер Нарынбек Сариев “ири суммадагы акча каражатын насыяга алып, кепил адам катары аялынын колун жасалма түрүндө койдурган” деп шектелип, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына ишкердин жубайы Анара Сариева билдирди.

"2013-жылдын 27-августунда Нарынбек Сариев Бишкек шаарындагы банктардын биринен 39 миллион 900 миң сом акча каражатын насыяга алган. Ал кепил болуучу адам катары мени жаздырып, уруксатым жок жасалмалап кол койдуруу менен алганы маалым болду. Нарынбек Сариевдин бул кылган ишин айтып, милицияга арыз менен кайрылгам. Аталган факт боюнча териштирүү иштеринин алкагында алган насыяга кепил катары кол койбогондугум анык болду. Ошол себептен Нарынбек Сариевге карата “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши 27-апрелде козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин жеке ишкер жубайын балдары менен үйүнөн кубалап, киргизбей жатканы тууралуу Анара Сариева билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
minchynar
2016-04-29 18:56:14
Олдуго оз аялын ошондой иштерге пайдаланса
+12
kobra86
2016-04-29 18:56:39
Уятсыз десе!
+11
alik00
2016-04-29 19:32:29
ХХХ десе!
+7
admin_portal
2016-05-02 19:37:43
alik00, этика нормаларын сактаңыз!
0
Anarbek58
2016-04-29 19:51:25
Темикеге караштуулардан эмеспи???
+5
ofiser26
2016-04-29 19:56:12
Мен бул байкенин фирмасында иштегем студент кезде. Фирма акчабызды бербей койгон 30 баланыкын.
+4
chon-alai90
2016-04-30 00:58:58
ofiser26, кыяматта аласын кааласа каалабаса берет.мындайлар акча деп олор кунун унутуп койот.
+3
Book
2016-04-29 20:21:56
ХХХ,акчаны эмес балдарында ойлосон боло...ХХХ экенсин...
+7
admin_portal
2016-05-02 19:45:52
Book, этиканы сактаңыз!
0
Bekish-kg
2016-04-29 23:59:18
Эмнеге талкуулар жабык?соз эркиндиги кана?Таталитаризмди колдонбогула!
+16
admin_portal
2016-05-02 19:47:36
Bekish-kg, саламатсызбы!
Себеби: http://www.super.kg/kabar/news/142841/
0
tina-janka
2016-04-30 00:58:59
40 миллионбу?
0
Aytur
2016-04-30 09:40:43
Сариевке коментарий жазганды унутуп калгансынарбы, башка темага отуп кетипсинерго.
+2
daniyar84
2016-04-30 10:41:52
Балдарда эмне куноо!!!
+4
abusait
2016-05-01 22:45:32
Бул киши акчанын Кулу болуп калганго. Бул эч кандай жакшылыкка алып барбайт.
0
admin_portal
2016-05-02 19:46:39
simone, Aytur, ularik_kg, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан