Баткенде кыргыз-тажик окуучуларынын ортосунда жаңжал чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче бүгүн, 30-апрелде Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы мектептин окуучулары менен Тажикстандын Дахма айылындагы мектепте окугандардын ортосунда уруш чыгып, эки тарап бири-бирин таш менен урушкан. Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери барып кырдаалды жөнгө салышканы айтылды. Кыргыз тараптан жабыркагандар жок.
Эки өлкөнүн укук коргоо органдары, мектеп директорлору сүйлөшүү жүргүзүштү. Аймакта кырдаал туруктуу, эки тараптын тийиштүү органдары кырдаалды көзөмөлдөп жатышканы айтылат маалыматта. Маалыматка таянсак, эки өлкөнүн аталган айылдарын ортодо жалгыз жол гана бөлүп турат.