Борбор калаада уурулук фактысына шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү милицияга арыз менен 30 жаштагы Ж.Г. аттуу аял кайрылган. Ал саат 13:00 чамасында маникюр жана педикюр жасатуу үчүн М. аттуу аялдын үйүнө барып, аталган аял күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 4 миң сом акчасын уурдап алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Өзбекстандын 24 жаштагы М.А. аттуу жараны кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Эгерде бул аялдан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюңуздар: (0553) 68-33-53, (0557) 77-01-77.