Акыркы 3 ай аралыгында өлкө аймагында 18 миңден ашуун жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталды

Өлкө аймагында жылдын алгачкы 3 ай аралыгында 18 766 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жылдын биринчи кварталынын ичинде 18 766 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталып, айдоочуларга административдик протоколдор түзүлгөн. Жалпы суммасы 80 миллион 482 миң сомдук айып өндүрүлгөн. Жол кыймылынын эрежелерин бузууда өспүрүм балдардын да катыштыгы бар", - деп айтылат маалыматта.

Жол эрежелерин бузуунун алдын алуу, ар кандай кылмыштарды болтурбоо максатында ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөнүн бардык аймактарында Жол-патрулдук милиция кызматы ишке кирет.

Айта кетсек, Бишкек, Чүй, Ысык-Көл аймактарында Жол-патрулдук милиция кызматы 2016-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2016-05-02 10:50:21
Чонтогуно тушконучу? Андан беш эсе коп болуш керек.. .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан