Каракол шаардык бириккен аскер комиссариатынын жогорку кызмат адамдары "мыйзамсыз түрдө аскер күбөлүгүн берген" деп шектелип, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2015-жылы аталган комиссариаттын кызмат адамдары Б.С. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө аскер күбөлүгүн бергендери аныкталган. Аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, азыркы тапта иликтөө жүрүүдө.