Бишкекте энесин, анын бир тууган сиңдисин жана кызды бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран 2 айга камакка алынды

Бишкекте энесин, анын бир тууган сиңдисин жана кызды бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу 2-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү №1-СИЗОго 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, 29-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында милицияга "борбордогу Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери турак жайда Жалал-Абад облусунда 1975-жылы туулган М.В. аттуу аял жана 1989-жылы туулган М.А. аттуу сиңдиси белгисиз адамдар тарабынан бычакталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Ал эми 1997-жылы туулган М.Н. аттуу кыз санынан жаракат алып, оор абалда болгон. "Тез жардам" келип медициналык жардам көрсөткөн, бирок кан көп кетүүдөн кыз өзүнө келбей каза болуп калган.

Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ш.К. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

3 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран сүйлөшкөн кызын апасы жолуктурбай койгону үчүн бычактап салган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Patirot
2016-05-02 12:15:52
Эки ай азгоо үч адамды өлтүрсө
+1
CAAT
2016-05-02 12:16:19
Канкорго даана.
+1
MIRAN
2016-05-02 12:28:16
Соттор акчасын жеп алган окшойт 2 ай ото аз го.3адамды олтурдуго
+1
Asa0033
2016-05-02 12:48:12
MIRAN,Patirot, 2 айга СИЗОго... 2 ай тергоо журот, анан гана соту болуп канча бир жылга кесилет.
+5
kyrgyz.93
2016-05-02 12:35:47
Турмодо чиритиш керек кан корлорду
+3
Asa0033
2016-05-02 12:49:53
Жинди суунун айынан жон жерден олуп кетти учоо... Жанаттан жай берсин Жаракатканым. Омин!
+2
Nora
2016-05-02 15:29:14
Sot bolgongo cheiyn 2ai sizodo oturat anan sot bolgondon kyiyn gana kancha jylga kesileri belgiluu bolot da, bul balanyn ata enesi jok jetim bala eken dep atyshat go, kaisy akchany kim bermek ele.
+1
Nursultankyrgyz
2016-05-02 19:35:13
Бул эмне дегендик?!Аны 1 кунго да камабай,алып барып, ХХХ ХХХ ХХХ болчу.Урматтуу президент ажобуздун айынан баары терс жака барып жатат.Ушулардын баарынын болуп жаткандын себеби-президент жана анын билиги иштебей жатканынын белгиси.
-1
admin_portal
2016-05-03 11:39:20
Nursultankyrgyz, провокация жаратуудан алыс болунуз! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан