“Кинозал" бөлүмүндөгү мелодрама жанрындагы, көзүңө жаш албай көрө албаган тасмалардын бири - “Дудук кыз” тасмасы.
"Тасманы тартып бүткөн соң “жомок сымал тартылып калган, дудук кыз эч качан сүйлөй албайт” деген сын-пикирлер абдан көп болгон", - дейт тасманын режиссёру Назым Мендебаиров.
“Келме кезек, терме тезек” демекчи, тасманын негизги идеясы катары "адам качандыр бир кылган күнөөсү үчүн жазага дуушар болот" деген маанини бергенбиз. Адам мыйзамдын чегинде болбосо да, өз абийиринин алдында жооптуу экенин көрсөттүк. Көрүүчүлөр тарабынан “дудук кыз кантип эле сүйлөп кетмек эле...” деген сындар көп айтылды. Балким, тасма жомок сымал бүтүп калса дагы, бирок көрүүчү көөдөн түпкүрүндө тасма жакшы маанайда бүтсө экен деп ойлойт. Эгерде кыздын тентип кеткенин, баары ыйлаган маанайда бүтүргөн болсок, анда мындан да көп сынга кабылмакпыз. Ошол себептен кызды бактылуу кылып бүтүрүүнү чечкенбиз.
Тасманы тартып жатканда көп кызыктуу окуялар болгон. Наристелер үйүнөн кадрларды тартып жатканда колун созуп караган наристелерди көрүп баарыбыз ыйлаганбыз”, - дейт Назым Мендебаиров.
"Дудук кыз" тасмасын толугу менен бул жерден көрө аласыздар.