Борбор калаада "кымбат баалуу унааны карызга алып, акчасын бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "кымбат баалуу унааны карызга алып, акчасын бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы К.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 2015-жылы декабрь айында С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасын карызга алып, акчасын бербей жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Аламүдүн айылынын О.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан