Бишкектеги эс алуу жайларынын биринен уюлдук телефон менен сумка уурдоого шектелип 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы К.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу эс алуу жайларынын биринен белгисиз адам сумкасын жана уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы М.А. аттуу Сокулук районунун тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.