Сокулук районунда жол кырсыгы болуп, 5 адам жабыркады
29-мартта Чүй облусунун Сокулук районунда автокырсык болуп, 5 адам жабыркады. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык Ош-Бишкек унаа жолунда болуп, анда БМВ жана Мицубиси унаалары сүзүшкөн. Эки унаанын тең айдоочулары 22 жашта болушкан. Окуядан соң айдоочулар жана 3 жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилишти. Учурда Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайын иликтөө иштери уланууда.