Бишкекте 20га жакын уурулук фактыларына шектелген 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-апрелде саат 23:49 чамасында милиция кызматкерлерине "Ак-Ордо жаңы конушунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен келген белгисиз жигиттер жолдо токтоп турган унаанын аккумуляторун чечип жатышат" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 20 жаштагы К.Ы. аттуу тургунун кармашкан. Ал айдап келген кичи автобустун ичин тинтүү маалында кара түстөгү бет кап, 4 унаанын аккумулятору, күндөн коргоочу 3 көз айнек, 2 бөтөлкө арак табылган.
Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Токмок шаарында жашаган 17 жаштагы Б.А., 18 жаштагы У.И., 18 жаштагы П.А., 25 жаштагы Т.Р. аттуу жарандар кармалган. Аталган жарандар кичи автобусту, Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унааларды уурдагандары аныкталып, андан сырткары "Кудайберген" унаа базарынан жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдагандарын да моюндарына алышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.