Сахалинде 5 кабаттуу үйдүн чатырын оңдоо учурунда кулап кетип каза болгон кыргыз жаранынын иши боюнча текшерүү жүрүүдө

Орусиянын Сахалин облусуна караштуу Корсаков шаарында 5-кабаттан кулап каза тапкан кыргыз жаранынын өлүмү боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү Тергөө комитетинин башкармалыгынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү саат 09:28 чамасында Корсаков шаарынын Тергөө комитетинин башкармалыгына "Морской көчөсүндөгү №2-көп кабаттуу үйдүн чатырын оңдоо иштеринин жүрүшүндө "ТехноСтройКомплекс" ишканасынын кызматкери денесинен оор жаракаттарды алып, каза тапты" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган комитеттин кызматкерлери 34 жаштагы кыргыз жараны үйдүн чатырын оңдоо учурунда 5-кабаттан кулап, окуя болгон жерден каза тапканын аныкташкан. Учурда кылмыш иши козголуп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shef87
2016-05-03 12:07:44
ким экен аты жону
+2
ofiser26
2016-05-03 13:19:49
Арман,арман.Ырыскысы тугонгон экен да бир себепкер менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан