Казакстанда 42 адамды зордуктоого айыптап, алардын үстүнөн арыз жазган 25 жаштагы келинге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Казакстандын Карабулак айылына Өзбекстандын 25 жаштагы Севара аттуу жараны жумуш издеп келип, аталган айылдын 50 жаштагы Дима Косой аттуу тургуну менен жарандык никеде жашап калат. Ал жакта бир нече ай жашаган соң полицияга 42 адамдын үстүнөн арыз жазган. Арызында ал жергиликтүү тургундар аны шылдыңдоо менен айылдын четине алып барып, кезек менен зордукташканын билдирген. Алардын мындай кылган ишинин кесепетинен венерикалык жугуштуу ооруларды жуктуруп алганын жазган. Зордуктагандардын арасында 20 жаштагы студент балдардан баштап 80 жаштагы карыялар да бар экенин арызында белгилеген. Андан сырткары "52 жаштагы Нурзада Хасанова аттуу аял мени эркектерге салып берген" деп айткан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, жергиликтүү тургундардын баары суракка алынган. Кылмышка шектелген жарандардын баары жугуштуу оорулар ооруканасына тиешелүү анализдерин тапшырып, баары эч кандай оорулуу эмес экени аныкталган. Ошол себептен “зордуктоо” беренеси менен козголгон иш токтотулуп, анын ордуна “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгону маалыматта айтылат.
Бул окуя боюнча жергиликтүү тургундар “Севара өзүнүн жарандык никедеги күйөөсү экөө зордуктоо менен айыптап жаткан тургундардын баарынан 300 миңден 500 миң теңгеге чейин акча каражаттарын талап кылышкан, бирок талаптары натыйжасыз болуп калгандыктан алар арыз жазышкан” деп айтышууда. Арызда көрсөтүлгөн кылмышка шектелгендердин бири - 20 жаштагы жаран бул келинге 1,5 миллион теңге бергенин айткан.