29-мартта Бишкек шаардык ИИББинин Мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз-Орус Славян университетинин Экспертиза жана кыймылсыз мүлктү башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы билдирди. Милицияга шаардын 21 жаштагы тургуну кайрылып, окутуучусу 1000 доллар талап кылгандыгын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган 39 жаштагы А.А. аттуу окутуучунун Кыргызстан Эл аралык университетинде да иштей тургандыгы аныкталды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.